Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзгөн айдоочу каза тапты.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, күн мурун болжол менен күндүзгү саат 11:30дар чамасында "Мерседес-Бенц Е320" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Элебесов көчөсү менен Февраль көчөсүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн 46 жаштагы жаранды сүзүп алган. Алган жаракаттарынын кесепетинен жөө жүргүнчү ооруканага жаткырылган.
Ал эми жеңил унаанын 65 жаштагы айдоочусу жабырлануучуну алып бара жаткан тез жардам унаасынын артынан коштоп бара жатканда Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен каза тапкан.
Аталган фактылар Бишкек шаардык милициясында катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий