Бишкекте №102 жана №162 автобустар жүрө баштады

Коом 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Бишкек шаарында №102 жана №162 автобустар жүрө баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамдарда кичиавтобустар иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номерлүү автобустар жүрө баштады. Каттамдарды "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы тейлейт.

№102 автобус Рухий-Мурас жаңы конушунан Ош базарына чейин каттайт. Узундугу 25,5 чакырым, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул каттамга 12 автобус чыгат.

№162 автобус 12-кичирайонунан Новопокровка айылына чейин каттайт. Узундугу 46 чакырым, автобустардын аралыгы 10 мүнөт. Бул линияга 18 автобус чыгат.

Пикир

Оставить комментарий