Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 1-сентябрдан тарта №64 жаңы муниципалдык автобус каттамы жүрүп баштады.
Мэриядан билдиришкендей, муниципалдык автобустун акыркы аялдамалары Ынтымак конушунда жана Маевка айылында жайгашкан. Каттамда 20 автобус иштеп, аралыгы 7-10 мүнөттү түзөт.
Ошондой эле шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында №145 муниципалдык автобус каттамынын кыймыл чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.
Пикир
Оставить комментарий