Бишкекте жаңы көчө пайда болот

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн эртең мененки кыдыруу учурунда борбор калаанын башкы архитекторуна Достоевский жана Ауэзов көчөлөрүн бириктире турган жаңы жолду төшөө долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Белгилей кетсек, башкы архитектор – “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Урмат Карыбаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, жол толугу менен жаңы болобу же эски жолду улантабы азырынча белгисиз.

"Биз бул маселени жаңыдан изилдей баштадык", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий