• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте жаңы заманбап автобекет салынат - Аскат Алагөзов

Коом 0

Бишкек, 02.11.24. /Кабар/. Бишкекте жаңы заманбап автобекет салынат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал автобекеттин шаардын сыртына чыгарылышы айылга каттагандар үчүн ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, бир аз убакыт өтсө жаңы бекет ишке киргизилерин белгиледи.

"Ош" базары аэропортту көздөй кеткен жол жакка заманбап салынып жатканын билесиздер. Жаңы автобекет дагы курулуп бүткөндө азыркы “Ош” базары тургандай эле борбор калаанын ортосунда эле болуп калат. Анткени административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын аянты кеңейгенин жакшы билесиздер.

Айрыкча, жергиликтүү шайлоолордун жүрүшүн ойлоп, же алдадыгы парламентик шайлоонун камын көрүп популисттик кылып жаткандарга айтат элем, эртеңки күнү жаңы автобекет жаркырап бүткөндө, жаңы Ош базары аяктап, жарандарыбыз ыраазычылыгын айтып баштаганда өзүңүздөр эле уят болуп каласыздар.

Шаар кеңейди. Бир капталы Байтикке, экинчи жагы “Манас” аэропортуна, бир капталы Сокулукка, экинчи жагы Аламүдүнгө чейин жетти. Ага жараша инфратүзүмдөр, көп кабаттуу үйлөрдөн турган өзүнчө кичи райондор түшөт.

Ошондо шаардын четине чыкты, өтө алыс болуп калды деген автовокзалды шаардын ичинде эле экен деп каласыздар", - деди Аскат Алагөзов.

Ошондой эле ал батыш автобекети оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн башка максатка пайдаланыларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий