• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте жаңы жылдык жарманке өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.12.20. /Кабар/. Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдында 11-декабрдан 29-декабрга чейин жаңы жылдык жарманке өтүүдө.

Белектердин жарманкеси түшкү саат 12:00дөн кечи 18:00гө чейин ачык болот. Салтанаттуу ачылышы 13-декабрда, саат 14:00дө өтөт.

Жарманкеде жаңы жылдык белектерди, колго жасалган өзгөчө жасалгаларды, карагай оюнчуктарды, кийизден, жибектен, керамикадан, шурудан жана чоподон жасалган жасалгаларды, этникалык кийимдерди жана башка көп нерселерди сатып алууга болот.

"Жаңы жылдык белек катары биз "Семетей", "Кыргыз Руху", "Доор", "Сувенир" чыгармачыл жамааттарынын жана Flyers компаниясынын жардамы менен чоңдор жана балдар үчүн маданий-көңүл ачуучу программа даярдадык. Концерттик программа 12, 13, 16, 23 жана 29-декабрда саат 14:00дөн 17:00гө чейин бардык санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлөт", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий