• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жайкы велосезону жабылды

Спорт 0

Бишкек, 31.10.22 /Кабар/. Бишкектин Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багында "Жаша! Диабетти жең" аттуу ураан менен 2022-жылдын жайкы велосезону расмий түрдө жабылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, велосипед тебүү кант диабети менен күрөшүү, ооруну алгачкы этапта аныктоо жана өз убагында дарылоо, ошондой эле спорттун көптөгөн оорулардын алдын алууга таасири максатында өттү.

Иш-чарага 800 адам катышты. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева велосипед жарышынын катышуучулары менен бирге велосипед менен өзү чыгып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Уюштуруучулар ар кандай сынактарды жана лотереяларды өткөрүштү. Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр байгелерди жана баалуу белектерди алышты. Ал эми лотереянын башкы жеңүүчүсү Искендер Осмоналиев Түркияга жолдомону утуп алды.

Белгилей кетсек, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти «ОО Вело friends позитив KG», "Жашыл ай коому" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий