• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте жайыт жери мыйзамсыз пайдаланып келгендиги аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бишкекте жайыт жери мыйзамсыз пайдаланып келгендиги аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат “Маевка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы капиталдык курулуш курулган жер тилкесин текшерүүдө мыйзам бузууларды аныктады.

Текшерүүдө “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын инвентаризациялык китебинде 85-контур айдоо жери, 86-контур жайыт жери деп көрсөтүлгөн. Бирок, ал жерге Р.Ж.А. аттуу жаран мыйзамсыз сарай салып, курулуш үчүн пайдубал жана үй куруп алган. Анда жерди укуктук жактан аныктооочу жана күбөлөндүрүүчү документтер болгон эмес.

Жыйынтыгында “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыктын алкагында, “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине ылайык, кылмыштын белгилери байкалгандыктан, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча материалдар Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий