• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкектеги Жал-23 кичи районундагы гараждар алынууда

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бишкектин Жал-23 кичи районундагы гараждар демонтаждалганын мэрия кабарлады.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, Жал-23 кичи районундагы №18 үйдүн жанында 15 темир гараж тиешелүү уруксат документтери жок орнотулган.

Аталган объектилерди демонтаждоо боюнча Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жана Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Учурда 15 объекттин баары алынды.

Башкармалык муниципалдык жерлерди бошотуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча активдүү иш алып барууда.

«Тургундардан мыйзамды сактоону жана муниципалдык жерлерге объекттерди орнотууга уруксат алууну суранабыз», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий