Бишкекте жамгырдын кесепетинен арыкка толгон суу көчөнү каптады

Коом 0


Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бишкекте катуу жааган жамгырдын кесепетинен арыкка толгон суу көчөнү каптады. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 5-мартта Кулиев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги арыктарга суу батпай, жолго ашып агып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен сууну сордуруп, суу каптоо кесепетин толук жоюшкан.

Пикир

Оставить комментарий