Бишкекте жарандар гепатит жана ВИЧке акысыз текшериле алат

Ден соолук 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бишкекте 22-майдан 5-июнга чейин ден соолук акциясы өтөт.

Муниципалиттен билдиришкендей, акциянын алкагында жарандар В жана С гепатитине жана ВИЧке акысыз текшериле алат.

Ошондой эле каалоочулар ВИЧ, В жана С гепатит оорулары боюнча дарыгерлерден кеңеш ала алышат.

Мэриядан белгилешкендей, акция төмөнкү график менен өткөрүлмөкчү:

- 22-майдан 26-майга чейин Ош базарында;
- 29-майдан 31-майга чейин “Дордой-Дыйкан” соода борборунда;
- 1-июндан 5-июнга чейин Сары-Өзөн соода борборунда.

Белгилей кетсек, акция дартты эрте аныктоо, дарылоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында өткөрүлөт. Аны Саламаттык сактоо министрлигинин кан менен байланыштуу вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбору уюштурат.

Пикир

Оставить комментарий