• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

Бишкекте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Бишкекте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кулатов-Ибраимов көчөсүндө жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддер жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө имараттардын фасадына орнотулган 38 даана баннер, 2 мамы жана 2 тепкич аныкталып, демонтаждалган.

Белгилей кетсек, аталган жарнама конструкциялары тиешелүү уруксат документтери жок, тышкы жарнама жайгаштыруу эрежелерин бузуу менен орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий