• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте жасалма Champion чайын саткан факты аныкталды

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Бишкекте жасалма Champion чайын саткан факты аныкталды, деп билдирет Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын дарегине Champion товардык белгисин колдонуп, чайларды өндүрүү жана сатуу жолу менен өлкө аймагында ак ниет эмес атаандаштыкты алып баруу боюнча “Бета Кыргызстан Интернэшнл” ЖАК тарабынан кайрылуу келип түшкөн.

“Бета Кыргызстан Интернэшнл” ЖАК өкүлдөрү тарабынан Ош базарында А.Н.А. аттуу жаран тарабынан Champion аталышы менен бири-бирине окшош “Бета Кыргызстан Интернэшнл” ЖАК чыгарган чайлар сатылып жаткандыгы аныкталган.

“Бета Кыргызстан Интернэшнл” ЖАК тарабынан берилген материалдарды кароо учурунда, жогоруда аталган продукция “Бета Кыргызстан Интернэшнл” ЖАКына тиешеси жок экендиги аныкталгандыктан, КРнын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын укуктук ченемдери бузулган.

Буга байланыштуу, А.Н.А. аттуу жаран тарабынан Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүмүнүн 5-пункту бузулуп жаткандыгы Кызмат тарабынан аныкталган.

Кароонун жыйынтыгында, Кызмат монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилерин камтыган иш-аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу жөнүндө эскертүү берген.

Кызматтын эскертүүсү белгиленген убакытта аткарылган.

"Бета Кыргызстан Интернэшнл" ЖАКынын чайын чыгаруу (сатуу) аракети А.Н.А тарабынан кайталанса, эреже бузуучуга карата 65 миң сом айып салынат.

Пикир

Оставить комментарий