• 87
  • 91.26
  • 0.84

Бишкекте жаш окумуштуулар жана студенттердин эл аралык конференциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Бишкекте 11-декабрдан 14-декабрга чейин жаш окумуштуулардын жана студенттердин катышуусунда "Улуттук коопсуздуктан глобалдык коопсуздукка чейин: Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүшүнө болгон чакырыктарды жана коркунучтарды көп факторлуу талдоо" аттуу биргелешкен эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чараны Жогорку Кеңештин жана ЖККУ ПА катчылыгынын колдоосу астында өлкөнүн алдыңкы беш жогорку окуу жайы уюштурду. Тактап айтканда, Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргыз улуттук университети, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз улуттук агрардык университети.

Иш-чаранын катышуучулары БУУнун Борбордук координациялоочу миссиясынын алкагында глобалдык, евразиялык, жамааттык жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун негизги көйгөйлөрүн жана багыттарын карап чыгышты. Көп уюлдуу дүйнөнү куруунун, эл аралык жана улуттук укукту өркүндөтүүнүн жана илгерилетүүнүн, анын ичинде азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарынын алдында ЖККУ ПАнын жана КМШнын моделдик мыйзам чыгаруусунун, технологиялык, энергетикалык, азык-түлүк, экологиялык жана маалыматтык коопсуздукка жана улуттук эгемендикке жетүүнүн актуалдуу милдеттеринин өзгөчөлүгүнө талдоо жүргүзүлдү.

Ошондой эле эмгек миграциясы, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар көйгөйлөрү олуттуу кызыгууну жаратты.

Белгиленгендей, пленардык отурумдун ишине, секциялардын жыйындарына жана беш тегерек столго КМШнын Антитеррористтик борборунун, Жогорку Кеңештин, Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, 15ке жакын жарандык жана ведомстволук ЖОЖдордун ректорлору, проректорлору, ошондой эле Кыргызстандын, Беларустун жана Россиянын илимий-изилдөө борборлорунун өкүлдөрү активдүү катышты. Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, ошондой эле Өзбекстандан келген жаш окумуштуулар жана студенттер баяндамалар менен чыгып сүйлөштү.

"Конференциянын илимий жыйынтыктары 2025-жылы толук көлөмдө өзүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп, Жогорку Кеңештин жана ЖККУ ПАнын илимий-эксперттик коомчулугунун Кыргызстандын ЖККУга төрагалык кылуусунун бир катар улуттук артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча сунуштарында татыктуу орунду ээлей тургандыгы болжолдонууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий