Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-апрелде Бишкекте жаштар арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан мелдешке бардык аймактардан келген 260 спортчу катышууда.
Спортчулар төмөнкү салмак категориясында беттешет:
Кыздар арасында: 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66 кг;
Эркектер арасында: 42, 44, 46, 48, 50, 52, 54, 57, 60, 63, 66, 70, 75, 80, +80 кг.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана Кыргызстандын бокс федерациясы тарабынан уюштурулган.
Пикир
Оставить комментарий