• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте “Жашыл экономика-2024” аймактык форуму өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Жашыл экономика – 2024” аймактык форуму өтүүдө.

Форумга 500дөн ашуун адам катышууда, анын ичинде жашыл экономика жаатындагы эл аралык эксперттер, өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр, мамлекеттик уюмдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү бар.

Форум жашыл экономикага өтүүнүн, экологиялык таза технологияларды киргизүүнүн жана ресурстарды туруктуу башкаруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн негизги аянтчага айланды.

Иш-чарнын жүрүшүндө жашыл долбоорлорду каржылоо, жашыл энергетика, туруктуу туризм, таштандыларды башкаруу жана жашыл курулуш темаларында пленардык сессиялар жана талкуулар өтүүдө.

Ошондой эле форумдун алкагында Green Expo көргөзмөсү ачылды. Анда алдыңкы компаниялар экологиялык таза технологиялар жана туруктуу өндүрүш жаатындагы жаңы иштеп чыгууларын жана чечимдерин көрсөтүштү.

Пикир

Оставить комментарий