• 87
  • 90.59
  • 0.87

Бишкекте жаза аткаруу тутумунда экстремизм идеологиясынын жайылышын алдын алууга багытталган конференция өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Бишкекте "Пенитенциардык мекемелерде экстремизмдин пайда болушу жана жайылышынын алдын алуу, террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду дерадикалдаштыруу жана ресоциалдаштыруунун актуалдуу маселелери: эл аралык тажрыйба жана инновациялык мамилелер" аталышындагы аймактык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Конференцияны юстиция министри Аяз Баетов ачып, бүгүнкү күндө түзөтүү тутумдарында экстремисттик багыттагы терс аракеттерге каршы күрөшүү Кыргызстанда гана эмес аймактагы көйгөйлүү маселе экендигин белгиледи.

Иш-чарага Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген тиешелүү адистер, министрликтин жана Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү катышып, доклад жасоодо.

Белгилей кетсек, иш-чара Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргеликте уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий