• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Бишкекте жазык сот адилеттиги жана адам укуктары талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 20.10.23. /Кабар/. Бишкекте жазык сот адилеттиги жана адам укуктары талкууланууда. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Жогорку соту Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссия (Венеция комиссиясы) менен биргеликте “Жазык сот адилеттиги жана адам укуктары: учурдагы тенденциялар жана чакырыктар” эл аралык конференциясын өткөрүүдө.

Конференциянын ишине Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары, Молдова, Грузия, Түштүк Корея жана Улуу Британиядагы Венеция комиссиясынын эксперттери, Казакстан жана Өзбекстандын Жогорку сотторунун судьялары катышууда.

Ошондой эле КР президентинин администрациясынын, Акыйкатчы институтунун, Башкы прокуратуранын, Юстиция, Ички иштер министрликтеринин жана Адвокатуранын өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар төрт секциядагы маселелердин кеңири чөйрөсүнө токтолушат:

  • жазык сот өндүрүшүндөгү айыптоочулук жана атаандаштык принцибин камсыз кылуу көйгөйлөрү;
  • сотко чейинки өндүрүштө соттук көзөмөл. Проблемалар жана аларды чечүү жолдору;
  • азыркы жазык процессинде күнөөсүздүк презумпциясын ишке ашыруу;
  • кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу маселелери.

Белгилей кетсек, өткөн жылы КР Жогорку соту Венеция комиссиясы менен биргеликте "Конституциялык реформалардын контекстинде сот бийлигинин көз карандысыздыгы" темасында эл аралык конференция өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий