Бишкек, 18.05.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте жеңил унаа жөө өтмөктөн өтүп бараткан өспүрүм кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-майда болжол менен саат 08:00дөр чамасында Kia K5 үлгүсүндөгү унаанын 34 жаштагы М.М. аттуу айдоочусу Сүйөркулов көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, №17 орто мектептин тушунан жөө өтмөктөн өтүп бараткан кызды сүзүп кеткен.
Натыйжада 17 жаштагы Н.К. аттуу жөө жүргүнчү жабыркап, №3 балдар ооруканасына жеткирилген.
Аталган унаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, тийштүү экпертизалар дайындалды.
Айдоочуга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий