• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте ЖЕЭКтин кеңейтилген курамдагы отуруму башталды

ЕАЭБ 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кеңейтилген курамдагы отуруму башталды.

Жыйындын күн тартибинде 17 маселе каралат:

- Евразия экономикалык биримдигинин алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери жөнүндө;
-Евразия экономикалык биримдигинин жалпы газ рыногун түзүү боюнча эл аралык келишимдин долбоорун даярдоо жөнүндө;
-Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча кырдаал жөнүндө;
-Бириккен Араб Эмираттары менен эркин соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө;
-2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө;
-2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге электрондук түрдө кызмат көрсөтүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин аныктоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколдун долбооруна кол коюу жөнүндө;

2023-жылы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеште, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде төрагалык кылуучу мамлекет тарабынан Россиянын аныктамасын караган Жогорку Кеңештин чечимин кабыл алуу пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп жаткан жыйынга Россиянын президенти Владимир Путин, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЕЭК коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда. Андан тышкары, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов ЖЕЭКтин жыйынына байкоочулук кылууда.

ЖЕЭК жыйынын 230 жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрү чагылдырууда.

Пикир

Оставить комментарий