• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте жер мунапысын алууга укугу бар жарандардын тизмеси жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 26.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында жер амнистиясына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө документтерин толук тапшырган Октябрь жана Биринчи май райондорунун жарандарынын тизмелери белгилүү болгон.

Белгиленгендей, арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

– арыз ээсинин - жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтеринин көчүрмөсү, же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
– жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
– техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
– нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
– объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер).

Шаардыктар документтерди тапшыруу үчүн Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылса болот.

Октябрь райондук мамлекеттик администрациясы боюнча жер амнистиясынын объектилеринин тизмеси

Биринчи май райондук мамлекеттик администрациясы боюнча жер амнистиясынын объектилеринин тизмеси

Пикир

Оставить комментарий