• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Бишкекте жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бишкекте жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана уюштуруу талкууланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кеңешмеге БШКнын төрагасынын орун басары төрагалык кылып, мэриянын жана райондук администрациялардын аппарат жетекчилери жана МАБ башчылары менен биргеликте 17-ноябрга белгиленген шайлоо процессине даярдык көрүү, ошондой эле аралыктан добуш берүү маселеси талкууланды.

БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Талас жана Караколдогу 27 шайлоо участкалары иштеп жатканын маалымдады.

Боршайком өкүлү ошондой эле tizme.gov.kg сайтында "шайлоочунун кабинети" кызматы аркылуу электрондук арыз калтыруу мүмкүнчүлүгүн эскертти.

Пикир

Оставить комментарий