Бишкекте ЖККУнун машыгууларын уюштуруу жана өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектк Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык күчтөрү менен "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын машыгууларын даярдоо жана өткөрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүүлөр уланууда.

КР Коргоо министрлигинен маалымдашкандай, уюмга мүчө-мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү эки жумушчу топко бөлүнүп, биринчи жумушчу топ машыгууну даярдоо жана өткөрүү боюнча экинчи штабдык сүйлөшүүлөргө протоколдун долбоорун даярдап, ал эми экинчи жумушчу топ Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары Артур Темировдун жетекчилигинде машыгуу өткөрүлө турган жерди рекогносировкалоо иштерин жүргүзүштү.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү машыгуу өткөрүлүүчү аймак менен таанышып, аскердик контингенттердин жайгашуусун жана анын сунушталган инфраструктурасын, спорттук иш-чаралар өтүүчү жайларды, ошондой эле спорттук комплекстердин жана аянтчалардын абалын карап чыгышты.

Машыгуунун жетекчиси Темиров экинчи штабдык сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларынын тиричилик чарба пунктун жайгаштыруу, достук үйлөрү жана улуттук тамак-аштарды уюштуруу жерлери менен таанышуусуна өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле окуу-машыгуу борборунда аймактын макети боюнча практикалык иш-аракеттер тууралуу кыскача баяндама угулуп, Генералдык штабдын башчысынын биринчи орун басары экинчи күндөгү ишти жыйынтыктап, экинчи штабдык сүйлөшүүлөрдүн акыркы күнү боюнча иш-чаралардын планын жеткирди.

Пикир

Оставить комментарий