• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте ЖККУнун өз ара аракеттенүүсүнүн келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында КР экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун төрагалыгы астында
ЖККУнун Аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын XXII отуруму өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага ЖККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү чогулушту.

Анда уюмга мүчө мамлекеттеринин катышуучулары өз ара кызматташуунун келечегин талкуулап, жааматтык коопсуздукту чыңдоого жана аскердик-экономикалык чөйрөдө координацияны жакшыртууга багытталган стратегиялык чечимдерди кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий