Бишкекте жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бишкекте жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурулду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспортто буюмун жоготуп алган же таап алган жарандар көп кайрылышат. Мындан улам аталган бөлүм тарабынан жоголгон жана табылган буюмдар үчүн кеңсе уюштурду.

"Эгерде сиз коомдук транспортто кандайдыр бир нерсени жоготуп алсаңыз же таап алсаңыз, анда азыр сизге шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кереги жок, департаментке кайрылып, издөөнү бир топ жеңилдеткен өтүнүч калтыруу жетиштүү болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу түрдө баяндап, каттамдын номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү зарыл.

Кайрылуу үчүн: 7-Апрель, 4а же WhatsApp номери: 0 (559) 69-69-48.

Пикир

Оставить комментарий