Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Бишкекте жол эрежесин бузган эки унаанын бирөөсү кармалганын Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Бул боюнча Бишкек милициянын кайгуул кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзгөн.
“Текшерүү учурунда айдоочунун тийиштүү документтери жок болгондуктан кошумча протокол толтуруу менен (авто ээнбаштык жана айдоочулук күбөлүгү жок айдоо) унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.
Милициянын кайгуул кызматкерлери айдоочуларга жол эрежесин так сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий