• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугуна багытталган илимий конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 30.09.24. /Акназик Тургунбаева- Кабар/. Бишкекте бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун көйгөйлөрү жана келечеги" темасындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско жана башка министрликтердин өкүлдөрү катышты.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жана ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Доктор Ливиу Ведраско сөз сүйлөп, конференциянын катышуучуларын заманбап этаптагы жол кыймылынын эрежелеринин эң актуалдуу маселелерин конструктивдүү талкуулоого жана аны ишке ашырууга жана өркүндөтүүгө карата бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууга чакырышты.

Саамалыктын жүрүшүндө эксперттер "жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жаатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ишин уюштуруу", "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу контекстинде унааларды камсыздандыруунун орду", "балдардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугу, "коопсуз Кыргызстан үчүн", "Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда жол кыймылын уюштуруунун өзгөчөлүктөрү", "Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы үчүн кенже жетектөөчү курамдын кадрларын даярдоо маселелери" темаларында баяндама жасашты.

Пикир

Оставить комментарий