• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте жол кырсыгына кабылган автобус айдоочусу иштен алынды, зыяндын ордун толтурат

Кырсык 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыгына кабылган №48 автобустун айдоочусу иштен алынды, ошондой эле зыяндын ордун толтурат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда саат 14:00дө Жибек Жолу проспектисинде жол кырсыгы катталып, анда №48 автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, даракты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен тогуз адам жабыркап, бардыгы амбулатордук шартта дарыланууда. Автобустун айдоочусу өзү да жаракат алган.

Учурда автобустун айдоочусу К.Кулжабаев иштен алынды. Ошондой эле айдоочу кырсыктын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтурат, тактап айтканда, экспертизадан өткөндөн кийин унааны калыбына келтирүүдөгү, акыркы чыккан сумманы төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий