• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте жол кырсыктары боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Бишкекте жол кырсыктары боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны көбөйдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө жана изин суутпай издөө ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн прокурору И.Султакеевдин "Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 6 айында жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө жана козголгон кылмыш иштерге карата прокурордук көзөмөлдүн абалы" темасындагы макаласында айтылат.

Макалада белгиленгендей, 2024-жылдын 6 айында Бишкек шаарынын аймагында жол кырсыктарынын кесепетинен 1 433 адам денесинен ар түрдүү жаракат алган, ал эми өткөн жылдын 6 айында 1 358 факт катталган. Анын ичинен 140 (2023-жылы – 105) факты боюнча кылмыш иштери козголгон, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 35 кылмыш ишке көп.

Жабыркагандардын ичинен 369у (2023-жылы – 340) жашы жете элек балдар, бул өткөн жылга салыштырмалуу 29 балага көп. Анын ичинен үч бала каза болгон, ал эми 76 (38) жаш өспүрүмдөр анча оор эмес жана оор жарат алышкан.

Ошондой эле макалада Бишкек шаардык прокуратурасы органдары тарабынан жол кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш-чаралар уюштурулуп келе жатканы белгиленет. Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан окуучулар жана студенттер арасында жол коопсуздуктары боюнча окуулар жана түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүүдө.

Катталган фактылардын ичинен 1 293 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимдер кабыл алынып, айдоочулар административдик чаралар көрүлгөн. Козголгон кылмыш иштердин ичинен 75 кылмыш иши соттук кароого жиберилген, 1 кылмыш иши тараптардын жарашуусу менен өндүрүштөн кыскартылган.

Аны менен бирге Бишкек шаарынын тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан шаардын аймагында укук коргоо органдарынын ведомстволор аралык атайын рейд иштери ай сайын жүргүзүлүп турат жана рейд учурунда аныкталган мыйзам бузууга жол берген күнөөлүү айдоочуларга карата тийиштүү чаралар көрүлүп келет.

Ал эми жол кырсыктарынынын негизги себептери айдоочулардын жол эрежелерин так сактабагандыгы, ылдамдыкты ашыра айдаганы, жөө жүрүүчү жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөргө жакшы көңүл бурбагандыктары, светофордун сигналына көңүл бурбай өзгөчө кырдаал түзүү жана ошондой эле автоунааны мас абалында башкаргандыктан жана айдоочулар өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле кылуулары болгон.

Пикир

Оставить комментарий