• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жолдошунан 16 ирет бычак жеген аял тирүү калды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Бишкекте жолдошунан 16 ирет бычак жеген аял тирүү калды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери Таалай Акматов билдирди.

Анын айтымында, бейтапка дароо операция жасалган.

“Аялга 16 жолу бычак сайылган. Бычактан бир колу кесилип кете жаздаган. Учурда анын абалы канааттандырарлык, дарылануусун улантууда”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 16-июлда 1984-жылы туулган М.Г. аттуу аял бычактан жараат алып, Улуттук хирургия борборуна түшкөн.

Шектүү катары кармалган 1973-жылы туулган Х.К. аттуу жаран жабырлануучунун жолдошу болуп чыккан.

Пикир

Оставить комментарий