• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте Жоломан Шаршенбеков баштаган бир катар спортчуларды тосуп алышты - сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 17.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-декабрда Белград шаарында (Сербия) өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышкан грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына учуп келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов тосуп алды. Ал курама команданы мелдештерде жеткен ийгилиги менен куттуктады.

Дүйнө кубогунун алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 2020-жылдын 10-16-декабрь күндөрү өттү.

Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 3 медаль (1 алтын, 2 коло) утуп, Дүйнө кубогунда төртүнчү орунга ээ болду: 1-орун – Жоломан Шаршенбеков, 60 кг чейинки салмактык категорияда; 3-орун – Калы Сулайманов, 63 кг чейинки салмактык категорияда; 3-орун – Руслан Царев, 72 кг чейинки салмактык категорияда.

Пикир

Оставить комментарий