• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте ЖОЖдун окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. Бишкекте Эл аралык медициналык университеттин окутуучусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн маалыматы караганда, милицияга 2023-жылдын ноябрь айынан бери акча талап кылып, окуусуна кысым көрсөтүп жаткан мугалимге чара көрүү тууралуу арыз түшкөн.

ИИМдин КИББнын кызматкерлери тарабынан университеттин имаратында пара алып жаткан жеринен опузала тала кылган окутуучу 81 000 сом өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Пара алган эл аралык медициналык университеттин мугалими 1989-жылы туулган И.А. аттуу жаран КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий