Бишкекте жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында эт саткан дүкөндөр текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Борбор калаанын базарларына жана эт күркөлөрүнө социалдык мааниге ээ жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул иш-чаралар сатылып жаткан азыктардын санитардык ченемдерин сактоо жана малдан адамга жугуучу күйдүргү, бруцеллез жана эхинококкоз ооруларынын таралышын болтурбоого багытталган.

Рейддин жүрүшүндө Октябрь районундагы Орто-Сай базарында айрым мыйзам бузуулар менен эт сатуу түйүнү аныкталып, акт түзүлүп, шаардык ветеринардык кызматы тарабынан андан аркы териштирүү үчүн азыктын үлгүсү алынды.

Биринчи май районунда эт азыктарын саткан 14 соода түйүнүндө профилактикалык рейддер өткөрүлдү.

Иш-чаралар акимчиликтин, МАБдын, райондук ИИБнын, ҮМБнын, ошондой эле шаардык ветеринардык кызматтын кызматкерлеринин катышуусу менен өтүүдө.

Рейддердин жүрүшүндө санитардык нормаларды сактоого, эт азыктарын сактоо жана ташуу шарттарына, ошондой эле продукциянын сапатын жана коопсуздугун ырастаган зарыл документтердин болушуна өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, бардык эт сатуучуларга оорулардын алдын алуу эрежелери, ошондой эле тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Бишкек мэриясы кооптуу инфекциялардын жайылышын алдын алуу максатында, калктын ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн санитардык ченемдерди сактоонун жана сатылып жаткан азыктардын сапатын үзгүлтүксүз текшерип турууну маанилүүлүгүн эскертет.

Пикир

Оставить комментарий