• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте жыл аягына чейин Улуу Ата Мекендик согуштун 6 эстелиги калыбына келтирилет

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун эстеликтерин калыбына келтирүү боюнча долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Ленинград блокадасынын кыргыз коомунун төрөгасы Марат Кутанов Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган форумда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө калыбына келтирүүнү талап кылган алты эстелик бар.

"Тимуров командасы" - Бишкек финансы-экономикалык колледжинин студенттери Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата эстеликтерди калыбына келтирүү боюнча иштей башташкан. Жакында алардын жардамы менен Киркстромдогу кароосуз калган эстеликти калыбына келтирдик. Учурда анын абалы жакшы жана 80 жылдык мааракени өткөрүүгө даяр. Дагы 15 эстелик бар, аларды калыбына келтиришибиз керек”, - деди Кутанов.

Муну менен катар ал Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон жоокерлердин жакындарына маалыматтарды табууга жана аларга жеткирүүгө көмөктөшүүчү “Атын кайтаруу” долбоору ишке киргенин белгиледи.

"2021-жылы тизмелерди аскер комиссариаттарына тапшырганбыз. Бүгүн алар 17 үй-бүлөнү табышты, жоокердин кайда каза болгондугу жана сөөгү кайда коюлганы тууралуу документтерди беребиз. 7-октябрда Чолпон-Ата шаарындагы маданият үйүндө дайынсыз жоголгон жоокерлер тууралуу үй-бүлөлөргө маалымат берилет. Эң негизгиси биз КМШнын тарыхында биринчи жолу издөө иштерин жандандырууну баштадык. Коргоо министри Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата дайынсыз жоголгон 400-500 аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүн табуу боюнча буйрукка кол койду, алар тууралуу маалыматтарды табышыбыз керек”- деп белгиледи Марат Кутанов.

Белгилей кетсек, бүгүн Эл аралык Рождестволук билим берүү окууларынын алкагында Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган жаштар форуму башталды

Пикир

Оставить комментарий