Бишкектеги №100 маршруттук каттам муниципалитеттин карамагына өтөт

Коом 0


Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. №100 кичиавтобус каттамынын айдоочулары маршруттук каттамды жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгына өткөрүп берүү маселеси менен Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгына кайрылышкан. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул маселени талкуулоо үчүн департаменттин директору Максат Нусувалиев айдоочулар менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн соңунда жетекчи №100 маршруттук каттымды муниципалитеттин карамагына өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий