• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №12 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусунун курулуш иштери 90%га аткарылды

Коом 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназиясынын 384 орундуу кошумча корпусунун курулуш иштери 90%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2019-жылы башталган. Ал эми долбоордук кубаттуулугу 384 орунга эсептелген. Сметалык наркы 71 млн 973 миң 5 сомду түзүп, толугу менен каржыланды.

Учурда окуу корпусунун чатыры жабылып жана ички жасалгалоо жумуштары аяктады. Андан сырткары, терезелер, суу түтүктөр жана канализация түтүктөрү орнотулуп бүттү. Ошондой эле сантехникаларды монтаждоо иштери менен сырткы жасалгалоо иштери аяктоодо. Объектинин айланасын көрктөндүрүү жашылдандыруу жумуштары аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, объекттин толук бүткөрүлүшү үстүбүздөгү жылдын октябрь айында пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий