Бишкектеги 5.91 чакырым суу түтүк тармагы реконструкцияланды

Коом 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Бишкектеги 5.91 чакырым суу түтүк тармагы реконструкцияланды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

"Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында узундугу 10,5 км канализациялык коллектордун курулушу аяктады,пландаштырылган 11 км (8,3 млн.евро) же иштин 95,4% аткарылды.

Белгилей кетсек, калкты суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн өндүрүштүк кубаттуулугу 250-300 м3/саат болгон "Көк-Жар" суу алгычында жаңы 2-көтөргүч насостук станциясы ишке киргизилген. Кошумча 8 дарбаза клапандары 150-400 мм диаметри менен алмаштырылды,ошондой эле Айылчиев көчөсү боюнча 1,3 км жана Адышев көчөсү боюнча 1,0 км суу түтүгү курулду.

Мындан тышкары, "Башкара-Суу" суу алгычынан 5 кошумча скважина бургулоо үчүн кошумча жер участогу бөлүнгөн.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) боюнча кызматтарга жаңы тарифтерди киргизүү жана бекитүү, ошондой эле жалпы пайдалануудагы суу түтүк-канализация тармактарын техникалык тейлөө боюнча этап-этабы менен иштер жүргүзүлүүдө.

Учурда керектөөчүлөрдүн бардык топтору үчүн инфляциянын деңгээлине байланыштуу тарифтик саясат иштелип жатат.

Пикир

Оставить комментарий