Бишкектеги аянттардын биринде эстеликтер жуулду

Коом 0

Бишкек, 20.07.23. /Кабар/. Бишкектеги аянттардын биринде эстеликтер жуулду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Тазалык» муниципалдык ишканасы шаардын тазалыгын сактоону улантып, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин күчөтүүдө.

Биринчи май районунун акимиатынын тапшырмасы менен муниципалдык ишкананын кызматкерлери Тоголок Молдо атындагы сквердеги эл акыны Тоголок Молдонун, акын, комузчу Арстанбек Буйлаш уулунун, эл акыны Осмонкул Бөлөбалаевдин эстеликтерин жууп, сүртүштү.

Бишкек шаарынын мэриясы тургундардан шаарда тазалыкты сактоого жана муниципалдык кызматтын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий