Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара өттү. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 01.01.22. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык концерт өттү.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, салтка айланып калгандай шаар тургундарын жана конокторун мэриянын маданият бөлүмүнүн солисттери жана чыгармачыл жамааттары жаңы жыл менен куттукташты.

Андан тышкары, белгилүү эстрада жылдыздары Замир Арыкбаев, Кайрат Примбердиев, Айдана Дека, Аваз Акимов, Нурлан Насип, Талант Кадыров, Чолпон Талипбек, Гүлнара Тойгонбаева, Бактияр Токторов, Айчүрөк Иманалиева, Иса Өмүркулов жана башкалар өз таланттарын тартуулашты.

Жаңы 2022-жылды тосуп алуу үчүн борбордук аянтка Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев, вице-мэрлер, район акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери келген.

Мэриядан кошумчалашкандай, шаардыктардын ыңгайы үчүн коомдук транспорт түнкү саат 01:00гө чейин жүрөт.

Ала-Тоо аянтында Тез жардам кызматы, бир өрт өчүрүүчү бөлүм, "Тазалык" МИнын бригадасы, "Бишкексветтин" кызматкерлери турат, ошондой эле укук коргоо орган кызматкерлери коомдук коопсуздук камсыз кылууда.

Пикир

Оставить комментарий