Бишкектеги Аламүдүн, Чынар базарларында эт күркөлөрү текшерилди

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бишкектеги Аламүдүн, Чынар базарларында эт күркөлөрү жана касапканалар текшерилди.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык талаптардын сакталышы каралды.

Рейддин жүрүшүндө ошондой эле эт азыктарын сактоо жана ташуу шарттарына, ошондой эле продукциянын сапатын жана коопсуздугун ырастаган зарыл документтердин болушуна өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, бардык эт сатуучуларга оорулардын алдын алуу эрежелери, ошондой эле тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Текшерүүлөр сатылып жаткан азыктардын санитардык ченемдерин сактоо жана малдан адамга жугуучу күйдүргү, бруцеллез жана эхинококкоз ооруларынын таралышын болтурбоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий