• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Бишкектеги автобус кырсыгы. Мэр окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүүнү тапшырды

Кырсык 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Бүгүн №153 экспресс-автобус Токомбаев жана Н.Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинде электр мамысын сүзүп алган.

"Кабар" агенттигине Кайгуул милициядан билдиришкендей, кырсыктан материалдык чыгым келтирилген, бирок жабыркагандар болгон эмес.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев кырсыкка себеп болгон бардык жагдайларды жана шарттарды дыкат иликтөө үчүн комиссия түзүүнү тапшырды.

Мэрдин тапшырмасы менен түзүлгөн Комиссия жол кырсыктарынын себептерин ар тараптан иликтеп, окуяга алып келген факторлорду аныктап жатат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жана "Бишкек шаардык транспорту" муниципалдык ишканасынын жетекчилигине мындай кырсыктарды болтурбоо боюнча кардиналдуу чараларды көрүү жана айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Ишкананын айдоочулары менен жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштеринин алкагында жол эрежесин сактоо жана муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоо өзгөчө көзөмөлгө алынган.

Ал эми кырсыкка кабылган №153 автобустун айдоочусу тергөө аяктаганга чейин жумуштан четтетилди.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жолдорунда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык чараларды көрөт.

Пикир

Оставить комментарий