Бишкектеги бала бакчалардын негизги көйгөйлөрү аталды

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. “Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн артыкчылыктары” аттуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын катышуусу менен өтүп жаткан тегерек столдун жүрүшүндө борбордук бала бакчалардын негизги көйгөйлөрү аталды.

Экономика министрлигинин өкүлү билдиргендей, бала бакчалардын ишмердүүлүгүндө негизги көйгөйлөрдүн ичине муниципалдык жана жеке бала бакчалар көрсөткөн кызматтардын сапатынын төмөндүгү, квалификациясы төмөн кадрлар, топтордогу балдардын санынын көптүгү – мамлекеттик бала бакчаларда 13,5 миң адамдын оордуна 30 миң бала тарбияланат.

Учурда муниципалдык бала бакчаларда 11 миң бала тарбияланат, ал эми арыз тапшыргандардын саны 4 миң 455 бала.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ленин районунда 4 миң 533 бала, Октярь районунда – 4 миң 172, Свердлов районунда – 2 миң 986 жана Биринчи май районунда 2 миң 492 бала кезекте турат.

Пикир

Оставить комментарий