Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан батирлердин биринен 78 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 3-июнда саат 22:58дер чамасында куткаруучулар жабылып калган батирдин эшигин ачып, ичинен 1940-жылкы аялдын сөөгүн табышкан.
Куткаруучулар аялдын сөөгүн Биринчи май райондук ИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий