Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Бишкектеги батирлердин биринен бир адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 1-июлда болжол менен саат 10:08дер чамасында билдирүү түшүп, анда Чүй проспектисиндеги батирлердин биринин эшиги жабылып калгандыгы тууралуу маалымат айтылган.
Жерине келген куткаруучулар жабылып калган батирдин эшигин ачып беришкен. Батирден 1961-жылкы А.К., аттуу жарандын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Пикир
Оставить комментарий