• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Бишкектеги базарлардын биринде өрт-тактикалык машыгуу өттү

Коом 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы пландын негизинде кезектеги өрт-тактикалык машыгуусун борбор калаадагы «Азиз» базарында өткөрдү.

Ведомстводон белгилешкендей, сценарийге ылайык алгач базарда чоң көлөмдөгү өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшүп, 37 куткаруучу катышкан 3 күжүрмөн эсеп, Куткаруу кызматынын 2 унаасы жана ыкчам-нөөмөт кызматы тартылды.

Өрт өчүрүүдөгү куткаруучулардын ыкчам аракети, күжүрмөн даярдыгы бааланган машыгуунун башкы максаты – эл көп чогулган базарларда өрттүн келип чыгуусун алдын алуу.

Машыгуунун жүрүшүндө базардын өрт өчүрүүчү жана коопсуздук шаймандары, гидранттар, эвакуциялык пландары, иш кагаздары текшерилди. Андан сырткары, үгүт-насаат иштерин жүргүзүүчү унаа менен өрттүн алдын алуу боюнча коопсуздук эрежелери түшүндүрүлдү.

Эскерте кетсек, мындан 4 жыл мурун бул базардан өрт чыгып, куткаруучулардын ыкчам аракети менен өрттүн жайылып кетүүсүнөн сакталып калган.

Пикир

Оставить комментарий