Бишкектеги борбордук стадион реконструкцияланууда – сүрөт

Коом 0


Бишкек, 17.06.24. /Кабар/. Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы борбордук стадион реконструкцияланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев курулуш иштерин текшерип, бир катар тапшырмаларды берди.

Стадионду реконструкциялоо иштеринин алкагында трибунанын алдында жайгашкан бөлмөлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, гибриддик оюн талаасы, жаңы автоматтык суугаруу системасы, жарыктандыруу шам-чырактары орнотулуп, чуркоо аянтчалары менен отургучтар толугу менен жаңыланат.

Аталган иштерди "Кыргыз Курулуш" мамлекеттик уюму ишке ашырууда, анда Кыргыз футбол биримдиги өз консультативдик кеңешин берет.

План боюнча реконструкция толугу менен ушул жылдын сентябрь айында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий