Бишкектеги борбордук стадиондо Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши башталды

Спорт 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши башталды.

Беттешке президент Садыр Жапаров жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев күйөрмандык кылууда.

Мындан тышкары, 15 миңге жакын күйөрман кыргыз футболчуларын сүрөөгө келишти.

Белгилей кетсек, аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өтүп жатат. Мында кыргыз спортчулары кызыл, малайзиялыктар сары түстөгү формада ойношууда.

Беттештин калыстар тобун иорданиялык калыс Адхам Мухаммад башкарып, башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам беришүүдө. Ал эми оюндун резервдик калысы ливандык Реда Али.

Пикир

Оставить комментарий