• 87
  • 91.29
  • 0.84

Бишкектеги Ботаникалык бакта өспүрүм бычакталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Бишкекте өспүрүм баланын ден соолугуна оор зыян келтирүүгө шектүү жаран кармалды.

“Кабар” агенттигине Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, 9-июнда милицияга А.А. аттуу жаран кайрылып, Шопен көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бакта анын баласына бычак сайган жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Алган жараатынан улам өспүрүм каза болуп калган.

Аталган факт боюнча райондук милициянын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 16 жаштагы А.Р. кармалып, ага карата Чүй облусунун Вознесеновка айылындагы жашы жете электрдин түзөтүү мекемесинде 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий