Бишкектеги Чүй проспектисинин борбордук бөлүгү жабылды. Себеби

Коом 0

Бишкек, 18.06.23. /Кабар/. Бишкектеги Чүй проспектисинин Дзержинский көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү бүгүн саат 16:00дөн тарта жабылды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" аянтында Fusion Concept заманбап бий боюнча дүйнөлүк чемпионаттын КМШ өлкөлөрү арасында тандоо турун өткөрүүгө байланыштуу чектөө саат 23:00гө чейин күчүндө болот.

Чемпионат эң престиждүү бий сынактарынын бири жана дүйнөнүн бардык бурчунан бийчилерди өзүнө тартат. Эң күчтүү эки бийчи финалдык дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк алып, августтун аягында Парижде Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө таанытышат, ага Кыргызстан да кирген эң күчтүү сегиз өлкө катышат.

Иш-чара борбор калаанын мэриясы, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук маданий борбордун колдоосу менен уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү Француз Альянс тил борбору жана Гёте институту.

Бишкек мэриясы шаардыктардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып коюуңу суранат.

Пикир

Оставить комментарий