• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкектеги үч көчө оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Бишкектеги үч көчөдө өндөп-түзөө иштеринен кийин ачылды, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Леваневский көчөсүнүн Лев Толстой көчөсүнөн Асаналиев көчөсүнө чейинки узундугу 780 погон метр болгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Шаар тургундары көчөдө коопсуз жүрүүсү үчүн 51 жол белгиси орнотулуп, узундугу 1400 погондук метрге жол чиймелери жасалды.

Ошондой эле Пишпек көчөсүнүн Дэн Сяопин көчөсүнөн Жамгырчинов көчөсүнө чейинки бөлүгү айдоочулар үчүн ачык. Узундугу 700 погон метр жер оңдоп-түзөөдөн өтүп, реконструкциядан кийин унаа жолунун туурасы 9 метрди түзөт. Жол коопсуздугу үчүн 26 жол белгиси орнотулуп, узундугу 1450 погон метр жол чиймелери чийилди.

Оңдоп-түзөөдөн кийин көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди түзүп, тротуар, унаа токтотуучу жай, сугат системасы, дренаждык торлор, жолдун жана тротуардын бордюрлары эки тараптан коюлду.

Васильев көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Түлөбердиев көчөсүнө чейинки жол куруу иштери аяктады.

"Көчөнүн оңдолгон бөлүгүнүн узундугу 630 погон метр, унаа жолунун туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун жайгашуусун эске алуу менен тротуарды жана сугат системасын бир жактан гана жабдууга мүмкүн болду. Ошондой эле жол белгилери жана жол чиймелери каралган", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий